Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:14

Грузиянын Улуттук Коопсуздук кеңешинин төрагасы А. Ломайя Медведевдин грузин мамлекет башчысын “саясий өлүк” деп аташын айыптады.


Кечээ Медведев: “Грузиянын азыркы режими банкрот болду. Президент Саакашвили биз үчүн жок. Ал – саясий өлүккө айланды”, - деген.
Ломайя АФП агенттигине билдиргендей, Медведев “контролун жоготуп койду”, Саакашвили демократиялык жол менен шайланган президент жана грузин элинин, эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ.
Медведев ошондой эле “Грузиянын Түштүк Осетияга каршы агрессиясын” колдоду деп АКШны айыптады. «Вашингтон Тбилиси менен мамилелерин кайрап карап чыгууга тийиш», - деди орус президенти.
Бул аралыкта Буш администрациясы Грузияга 1 миллиард доллар бөлүп берүү планын шардана кылат деп күтүлүүдө. Жардам Орусия менен болгон согуштан кийинки кайра куруу иштерине жумшалмакчы. АКШнын вице-президенти Дик Чейни Грузияга ушул аптада бармакчы. Бүгүн ал Азербайжанга аттанды.

XS
SM
MD
LG