Президент Виктор Ющенко амалдуу жүрүштөрдүн курмандыгы болгонун, парламентте жаңы коалиция түзүлүп, конституциялык жана саясий төңкөрүш жасалганы жатканын айтып, Жогорку Раданы таркатып жиберерин эскертти. Парламент президенттин ыйгарым укуктарын кыскартууну караган мыйзамдарды кабыл алгандан кийин президентти колдогон «Наша Украина» партиясы нааразы болуп, бийликтеги коалициядан чыгып кеткен. Анткени Юлия Тимошенконун партиясы оппозицияга кошулуп, президенттин ыйгарым укуктарын караган мыйзамдык өзгөртүүлөр үчүн добуш беришкен эле.