Президент Курманбек Бакиев баштаган бул топ Москвада ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышмакчы. Анда бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн мындан аркы кызматташтыгын чыңдоо жана кеңейтүү маселелери, эл аралык саясаттагы актуалдуу маселелер, асыресе Кавказдагы кырдаал да талкууланаары күтүлүүдө. Бул сапардын учурунда кыргыз президенти Орусия президенти Дмитрий Медведев менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү белгиленүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(SM)