Быйыл облустун калкы үчүн 100 миң тоннадан ашык көмүр-отун керек. Көмүрдүн баасы тоннасына төрт миң сомго жакын болгондуктан аны сатып алууга жарандардын чама-чаркы жетишпейт. Район-шаарлар эл 14 миң тонна көмүр камдап алганы тууралуу маалымат беришкен. Көмүр сатчу жайлар да толук иштебей жатат, белгиленген 77 жайдын 56сында гана көмүр сатылууда. Жыл башында баалардын кымбаттаары эске алынбагандыктан, облустун саламаттык тармагы үчүн бөлүнгөн 2,7 миллион сом акча жетишсиз болууда. Ооруканалар менен дарылоо мекемелерине жылытуучу жабдуулар толук коюлуп бүтө элек. Саламаттык сактоо жайларына кышка керектелчү 1170 тонна көмүрдүн 112 тоннасы гана ташылып алынган. Кышка кам көрүүнү тездетүү үчүн жер-жерлерге облустук штабдын мүчөлөрү жөнөтүлгөн. (YA)