Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Түндүк муз океандын Канададагы жээгинен муз ажырап кетти


Океандын Канададагы жээгинен аянты 50 чарчы километр келген муз ажырап кеткенин тууралуу канадалык окумуштуулар билдиришти.
Алардын болжолунда жогорудагы көрүнүш - климаттагы өзгөрүүлөрдүн айныксыз далили. Муз Элсмир деп аталган аралдын жээгинен август айынын башында эле ажырап кеткен жана азыр океандын мейкиндигине кетип бара жатат. Канаданын Трент университетиндеги окумуштуулардын ырастоосунда, өткөн жайдын ичинде бул өлкөнүн жээктеринен баары болуп аянты 200 чарчы чакымдан ашуун муз ажырап кеткен. Мындай өзгөрүүлөрдөн улам окумуштуулар, муз жээкте миңдеген жылдар боюу кармалып турган шарт мынан ары жоктугун белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG