Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

АКШда Республикалык партиянын курултайы өтүүдө


Сент-Пол шаарында өтүп жаткан курултай кечээ сенатор Жон МакКейнди президенттикке талапкер кылып расмий бекитти. Эми ал курултайдын делегаттары алдында сөз сүйлөп, талапкерликти расмий кабыл алаары күтүлүүдө. Мунун алдында курултайда Алясканын губернатору Сара Пэйлин сөз сүйлөп, Жон МакКейндин шайлоого вице-президенттикке талапкер катары аны менен бирге баруу сунушуна макулдугун билдирди. Республикалык партия бул кызматка биринчи ирээт аял адамды алып чыгууда. Ноябрдагы шайлоодо Жон МакКейн менен Сара Пэйлиндин аттаандаштары сенатор-демократтар Барак Обама менен Жозеф Байден болот.

XS
SM
MD
LG