Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

ЖККУнун Орусиядан башка өлкөлөрү Түштүк Осетия менен Абхазияны таанууга барган жок


Аталган уюмдун Орусиядан башка алты мүчөсү Москва сындуу Грузиянын эки жикчил аймагы Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын танууга барган жок. Бирок Беларус, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери бүгүн Москвадагы жыйынынан соң кабыл алынган билдирүүдө "Орусия Федерациясынын Кавказдагы тынчтык жана кызматташттык багытындагы активдүү ролун" колдошту. Билдирүүдө Батыш өлкөлөрүнүн Орусиянын аракетине жасаган реакциясына байланыштуу, Түштүк Осетиядагы окуя эл аралык мамилелерде кош стандарт коркунучтуу экенин көргөзгөнү айтылган. Орус Тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва кабыл алынган документке ыраазы экенин айтты. Эртең Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн саммити өтөт.

XS
SM
MD
LG