Казакстан, Россия, Армения, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларусь кирген уюмдун саммитине президент Курманбек Бакиев башында турган делегация катышат. Саммитте Грузия согушу, Түштүк Осетия жана Абхазиянын көз карандысыздыгын таануу маселеси талкууланары күтүлүүдө. Президент Курманбек Бакиевдин саммиттин алганыда орус президенти Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүсү белгиленүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)