Аталган министрликте өтүп жаткан жыйында бейөкмөт уюмдардын жана министрликтин өкүлдөрү мүмкүн болчу энергетикалык кризис менен күрөшүү жолдору тууралуу маселе көтөрүштү. Чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин айтымында, 2007-2008-жылдары Тажикстанда болгон энергетикалык кризис кыргыз бийлигине чоң сабак болушу керек. Анын айтымында, министрликтин адистери ушул тапта эгер кризис болсо көрүлүүчү иш-чараларды иштеп чыгышууда. Жыйында маалымдалгандай, өлкө боюнча энергетикалык жактан аз камсыз болгон, мисалы алыскы аймактарда жашаган калктын саны жүз кырк миңге чукул.(AiJu)