Ысык-Көл облусундагы долбоорлор башкармалыгынын адистери 5-сентябрь күнү Ысык-Көл районуна келип, таза суу долбоорунун 6 жылдык ишмердүүлүгүн боюнча отчет берди. Башкармалыктын жетектөөчү адиси Сатар Бегалиев Бүткүл дүйнөлүк банктын жардамы менен 65 айылга таза суу киргизилгенин маалымдады. Бирок Ысык-Көл райондук акиминин орун басары Роза Кайыкова долбоорго кирген 4 айыл таза суу менен камсыз боло электе, ишмердүүлүктү жыйынтыктоо туура эмес кадам экенин эскертти. Анткени айылдагылар жалпы каражаттын 5 пайызын чогулткан эле. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү болсо “Таза суу” долбоорунун үзгүлтүккө учурашын инфляциянын өскөнү менен байланыштырды. Эми алардын алгач каралган 4 айылга орнотулбай калган суу түтүктөр келээрки долбоор менен бүткөрүлөт. Бирок көпчүлүк суу чарба адистери буга ынынган жок.(RB)