Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

17:55 Жалал-Абад облусунда баңгилер менен иммундук таңсыктык илдетин жуктургандар көбөйүүдө


Облуста иммундук таңсыктык илдетине чалдыккандардын саны 193 адамга жетти. Алардын 43у жаңы катталды. Буга чейин оорунун кесепетинен 6 киши каза болгон. Дартты жуктургандардын басымдуу бөлүгү эркектер менен баңгилер. Ооруга жети бала да чалдыккан. Баңгилер былтыркыдан бир жарым эсеге көбөйгөн. Илдетке секс кызматын көрсөткөндөр менен баңгилерден тышкары жөнөкөй жарандар да кабыла баштаганын облустук СПИД борбору билдирди. Аталган борбор сыркоолордун көп табылышын аныктоочу жабдуулардын жетиштүүлүгү жана дарыгерлердин аракети менен түшүндүрдү. Мекеменин болжолу боюнча илдетти алып жүргөндөрдүн саны катталган оорулуулардан он эсе көп болуусу мүмкүн. Оорунун алдын алуу үчүн жүргүзүлчү иш-чараларга өкмөт тараптан каражат жетишсиз бөлүнгөн. (YA)

XS
SM
MD
LG