Ош шаарынын курамындагы Жапалак айыл өкмөтүнүн башчысы Маматкадыр Маматеминовдун айтымында, Төлөйкан кыштагынын 400дөн ашуун тургундары бир айдын ашуун жарыксыз жашап жатышат. Тургундардын арыз менен кайрылууларынан азырынча натыйжа чыга элек.
Ош шаардык электр түйүнү ишканасынын башчысы Самат Сулайманов менен байланышканыбызда, 600 миң сомдук трансформатор күйүп, биротоло керектен чыккандыгын билдирип, каражат маселеси чечилмейинче, акыбал ушул бойдон калаарын билдирди.(ATo)