Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

16:00 С.Балкыбеков: Электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү жылуулук сезону башталганда токтотулат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков бүгүн билдирди. Министрдин айтымында, айрым массалык маалымат каражаттарындагы электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү октябрь айында токтотулат деген маалыматтар туура эмес.”Бул сууктун келишине, жылуулуктун берилип башташына байланыштуу болот. Бирок жарык сегиз сааттан ашык өчүрүбөйт”, дейт С.Балкыбеков. Быйыл жылуулук сезону качан башталаары азырынча белгисиз,ал сууктун түшүшүнө байланыштуу болот. Бирок эреже боюнча жылуулук ноябрь айынын башында берилип келет. Ошондой эле С.Балкыбеков электр жарыгы ооруканаларда өчүрүбөй тургандыгын, ал эми меткептерде түнкүсүн гана өчүрүлөөрүн белгиледи. “Эгерде декабрь айында мектептерге электр жарыгын берүү мүмкүнчүлүгү болсо, анда кыш айларында орто билим берүү мекемелеринде эс алуу жарыяланбайт”, деди министр.(MSu)

XS
SM
MD
LG