Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

16:40 О.Молдалиев : ЖККУга мүчө өлкөлөр калыс пикирин айтышса болмок


ЖККУга Орусияга көбүрөөк ыктаган мамлекеттер мүчө болгондуктан кечээки саммитте Грузиянын Түштүк Осетиядагы аракеттери сынга алынды. “Колунда көмөчү бар мамлекеттер өзүнө ыктаттырат. Орусия өз айла-амалдары менен ЖККУга мүчө өлкөлөрдү бул чечимге макулдатканга көндүрдү.” – дейт серепчи Орозбек Молдалиев. Анын айтымында Кремль өзүнүн мунай, газы менен 7 өлкөнүн көңүлүн ала алды. “Саммит алдындагы ич ара соодалашууда президент Курманбек Бакиев Камбар-Ата ГЭСтерине инвестиция эмес, өлкөнүн тышкы карызын кечтирип алса натыйжалуу болмок. Анткени тышкы саясат – сооданын бир түрү. Орусия 17 жылдан бери бул тармакка инвестиция салам деп келет, бирок үзүрсүз”, – деп кошумчалайт ал.(EK)

XS
SM
MD
LG