Мындай пикирин “Азаттыкка” эл аралык байланыштар боюнча эксперт Аскар Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан ЖККУга мүчө катары Орусияны колдогону менен Абхазия менен Түштүк Осетияны көз карандысыз мамлекет катары тааныды дегенди түшүндүрбөйт. Ал эми К.Бакиевдин ЖККУнун алкагында Орусияны колдогонун Батыш түшүнүк менен кабыл алып жатат, анткени бул аргасыз кадам экенин билишет, дейт А.Мамбеталиев. Эксперттин белгилешинче, ЖККУнун Грузияны айыптап, Орусияны колдоо позициясы уюмга мүчө Орто Азия өлкөлөрүнүн эмес, орус президенти Дмитрий Медведин гана чечими.(MSu)
17:15 А.Мамбеталиев: Кыргызстан ЖККУга мүчө болгондугу үчүн Орусияны колдоого аргасыз болду