Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

17:35 Нарында аймактык жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөөчү бөлүмү ачылды


Мындай маалыматты аталган бөлүмдүн жаңы жетекчиси Жалил Алымкулов «Азаттыкка» билдирди. Нарын облустук ветеринария башкармалыгы бир нече жыл мурда жоюлуп, Ысык-Көл облусу менен биригип, ордосу Чолпон-Ата шаарында жайгашкан болчу. Мындан сырткары мал доктурлардын камсыздалышы Нарын облусунда 75 пайызга чейин кыскартылган. Натыйжада мал киндиктүү аймакта мал оорулардын түрлөрү жайылып, соңку жылдарда мал ооруларынын саны кескин өскөн. Маселен, 2006-жылы облус аймагында жугуштуу оорунун 5 очогу катталса, бул көрсөткүч 2007-жылы 14кө жеткен. Ал эми ооруган малдын саны эки эсеге чейин көбөйгөн. (KUs)

XS
SM
MD
LG