Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

10:40 Депутат айымдар Швецияда


Парламент төрагасынын орун басары Чолпон Баекова баштаган 6 депутат айымдын Швецияга болгон сапары 6-сентябрда башталган. Алар бул өлкөдө 13-сентябрга чейин болушуп, Швеция парламентинин жана мамлекеттик структуралардын улуттук гендердик саясатты ишке ашыруу багытындагы тажрыйбалары менен таанышмакчы. Кыргызстандык депутат айымдар ошондой эле бул сапардын алкагында Швеция парламентинин вице-спикери, бийликтеги жана оппозициялык партиялардын депутаттары менен жолугушууларды өткөрүп, бул өлкөнүн БШКсында, гендердик теңчилик жана интеграция министрлигинде болушат. Бул сапар президенттик админстрациянын, өкмөт аппаратынын жана БУУнун өнүктүрүү программасынын “Аялдарды мамлекеттик кызматка жана саясатка тартуу” долбоорунун алкагында уюштурулуп, аны Швециянын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги колдогон.(SM)

XS
SM
MD
LG