Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:51

12:08 ЖК комитети өлкөнүн чек ара аймактары боюнча мыйзам долбоорун карайт


Өкмөт тарабынан сунушталган бул мыйзам долбоорун аймактык өнүгүү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча комитети 9-сентябрдагы жыйынында карамакчы. Комитетте аталган мыйзам долбоору тууралуу биринчи вице-премьер Искендербек Айдаралиев баяндама жасамакчы. Мындай маалымат ЖКнын маалымат кызматынан алынды. Долбоор өлкөнүн чек ара аймактарын бекемдөө, улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында даярдалган. Анда чек ара аймактарындагы калкка социалдык колдоо көрсөтүүгө, бул аймактарды өнүктүрүүгө багытталган чараларды көрүү белгиленген. Буга чейин ушундай эле мазмуундагы мыйзам долбоору депутат Мурат Жураев тарабынан да даярдалып, бирок ал тиешелүү комитеттен колдоо тапкан эмес болчу. Өлкө түштүгүндө чек ара аймактарында жашаган калктын көпчүлүгү жашоо-шарттын начардыгынан үй-жайын сатып, башка жактарга орун которуп кетип жатканы, бош калган жерлерге кошуна өлкөлөрдүн жарандары көз арта баштаганы бир топтон бери айтылып келет.(SM)

XS
SM
MD
LG