Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

13:41 Кесиптик-техникалык окуу жайларынын аброю көтөрүлүүдө


Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, быйыл бул окуу жайларга 14 миң студентти кабыл алуу күтүлүүдө. Бул,былтыркыга салыштырмалуу 25 пайызга көп. Агенттиктен кабарлашкандай,бул, барган сайын аталган окуу жайлардын аброю көтөрүлүп жатканын түшүндүрөт. Бул жылы кадрларды даярдоо экономика, энергетика, тоо-кен өндүрүү, курулуш жана башка жетимиш сегиз адистик боюнча жүргүзүлөт. Профессионалдык-техникалык окуу жайларды жаңы окуу жылына даярдоого беш жарым миллион сомго чукул каражат бөлүнгөн.(AiJu)

XS
SM
MD
LG