Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

ЭЛ ҮНҮ: ТЕЗЕК ТЕРЕ АЛБАГАНДАР КӨЙГӨЙҮ, ОКУУНУН КЫМБАТТАШЫ


“Азаттыктын” “Эл үнү” уктуруусуна бул жумада кайрылгандар, мамлекет жазында бир аз арзан күйүүчү май алып берип дыйкандарга колдоо көрсөтүшкөнү менен эгин чабыкка келгенде карабай коюшканын, ошол себептүү күзгү оруп-жыйуунун начар болуп жатканын айтышты. Ошондой эле талаадан тезек терүүгө чамасы жок майыптарга көмүрдү арзан берүү маселесин, жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында кысымчылыктар болуп жатканын, жогорку билимдин кымбаттап кетишин, баалардын өсүшүн айткандар бар.

Нарын облусундагы Казан-Куйган айылынын тургуну Таалайбей Турдумамбетов, жаз айларында өкмөт жерлерди айдап алууга көмөк көрсөтүшкөнүн, күйүүчү майды 22 сомго алып келишкенин, бирок эгин чабыкка келгенде карабай кетишкенин, күйүүчү майдын баасы 37 сомго чыкканын, өкмөт жазында “эгин айдап алгыла деп туруп, күзүндө билгениңерди кылгыла, баарыбир чаптырасыңар”,- дегендей мамиле кылып коюшканын айтат.

Оттук айылынын тургуну Асылбек Бөрүбаев болсо, тоолордо карышкырлар көбөйүшкөнүн, мал-жанга тийип жүдөтүп жатышканын, аларды мергенчилер атып беришсе жакшы болмогун айтат.

Нарын шаарынын тургуну көрүү боюнча биринчи топтогу майып Жеңишбек Бекмуратов да “Эл үнүнө” кайрылып, эки көзү тең көрбөй турганын, андыктан президенттин “тезек тергиле” деген насаатын аткарууга чамасы жетпесин, элдер быйыл кыш суук болот деп айтып жатышканын, ошол себептүү мамлекеттен биринчи топтогу майыптарга көмүрдөн жардам берүүсүн өтүндү.

Ал эми Ош шаар тургуну Бакыт Алмаматов, жергиликтүү шайлоолорго президенттин айтканына карабай мамлекет тараптан тоскоолдуктар болуп жатканын, Акаевдин режиминдегидей көрүнүштөр кайталанып жатканын айтты. Дагы бир Манас Эргешов аттуу жаран да нааразычылык билдирип, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго тоскоолдуктар уюштурулуп жатканына элдер нааразы экендигин айтат.

Бул маселеге Ош облусунун губернатору Аалы Карашев жооп берип, президенттин шайлоолорго кийлигишпегиле деген сөзүн толук колдой турганын, эгерде аймактагы чиновниктер тоскоолдуктарды уюштурганы аныкталса дароо кызматынан алынарын билдирди.

Андан тышкары “Эл үнүнө” билим берүү жаатындагы көйгөйлөрдү көтөргөн угармандарыбыз кайрылышты. Бишкек шаарынын тургуну Гүлкайыр Кубанычбекованын айтымында, азыркы тапта билим берүү жаатындагы реформалар чала калып жатат. “Жогорку окуу жайларда контракттардын баасы өсүп кетпедиби. Бул шаада тургандарга, ата-энеси жакшы кызматта тургандарга анча деле жүк эмес. Ал эми мугалимдерге жакшы болду. Анткени алардын айлык-акылары өстү. Бирок айыл жергесиндеги жашоочулар үчүн бул чоң жүк. Айылда көпчүлүк жашайт. Алар да балдарын окутуш керек, бирок ага шарты жок. Айыл жеринде айлык-акылар 3-4 миң гана сом. Маселен Нарында хирургдар 4 миң гана сом алат. Ал баласын окутам десе канча жыл иштегенге аргасыз болот?”,- дейт Г.Кубанычбекова.

Угарманыбызга жооп берген Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Акунжан Абдрашев, жогорку билим алуунун баасы жогорулашын кадимки көрүнүш катары баалап, бул билимдин сапатынын жакшырышына алып керерин айтып, социалдык коргоого муктаждар үчүн жеңилдиктер караларын билдирди.

XS
SM
MD
LG