Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы борбор калаа Назранда алты куралчан "бандит" өлтүрүлдү" деген кабар таркатты. Кароосуз калган фермада жашынган куралчандар ФСБнын аскерлери келгенде багынып берүү талабын четке кагышкан. Атышууда Федералдык Коопсуздук кызматынын эки тыңчысы жараат алган. Фермадан көп сандаган курал, ок-жарак колго түшүрүлдү.