Ага катышып сөз сүйлөгөн биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев өкмөт ишкерликти колдоо жана ага ыңгайлуу шарт түзүү багында ишин уланта берерин билдирген. Өкмөт жаңы соода уюмдарынын түзүлүүсүнө каршы болбосун, ошол эле мезгилде жетишсиз жана үстөк -пайызы жогору насыя ишкерликтин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатканы белгиленген. Соодагерлердин курултайы Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)