“Манас” атындагы кыргыз-италия ассоциациясы да түзүлгөнүн бүгүн Италиядагы кыргыз диаспорасынын башчысы Азамат Айтбаев маалымдады. Бул бирикмени түзүүчүлөрдүн бири Франческо Миникучи аттуу италиялык жаран былтыр Кыргызстанга келип кеткенин, учурда кыргыз тилин үйрөнүп “Манас” эпосун кыргызчадан италия тилине которо баштаганын билдирди. Болочокто Италиянын ири шаарларында Кыргызстандын маданий күндөрү өткөрүлгөнү жатканын кошумчалады. (EBM)