Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

15:35 Султан Раев: Облусттардагы телекомпаниялар дээрлик каралбай калган


Маданият жана маалымат министри Султан Раев “Азаттыкка” облусттук телеканалдардын аталган министрликке өткөрүлүп берилишин аларга карата көрүлгөн мамлекеттик колдоо катары бааланышы керектигин айтты. Буга чейин КТР да, жергиликтүү кеңештер да карабай калган аймактык телекомпанияларды өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи. Бүгүн президент Курманбек Бакиев УТРКны реформалоо тууралуу жардыкка кол койгон. Ага ылайык КТРге караштуу облусттардагы телекомпаниялар Маданият жана маалымат министрлигине өткөрүлүп берилмекчи. Телеканал жетекчилерин губернаторлор Маданият министринин сунушу менен дайындашат. Жардык боюнча УТРКнын кармагындагы жаштардын “Учур” телетеатры, камердик оркестри да аталган министрликтин кармагына берилди. Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов “Азаттыкка” курган маегинде УТРКны ушундай ыкмалар менен реформалоодон натыйжа чыкпай тургандыгын айтты. Улуттук биринчи канал өзгөрүүлөрдү эң оболу маалыматтарды акыйкат, бейтарап калыс чагылдыруудан башташы керектигин белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG