Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

ТОРЗЫМ АРТЫНДАГЫ ТУРМУШ


Парламенттин коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитеттин 8-сентябрдагы отурумунда Кыргызстандын Жаза өтөө башкармалыгынын ишин текшерүү боюнча атайын комиссия түздү. Комиссия 29-сентябрга чейин 16-колонияда 14-15-августта төрт кишинин өмүрүн алып кеткен кырсыктуу окуянын себеп-жөнүн иликтеп чыкмакчы.

Кылмыш-жаза мыйзамын гумандаштыруунун натыйжасында өлүм жазасына кириптер болгондор өмүр бою камакта отурууга өкүм кылынган. Алардын эркинен ажыратылган башка адамдардын арасында кармалып жатышы бир топ проблемаларды жаратарын Жаза өтөө башкармалыгынын жетекчилиги кыйладан бери айтып келатат. Кыргызстандын Адилет министринин орунбасары Сергей Зубовдун ырасташынча, өмүр бою түрмөгө кесилгендер менен башкаларды чогуу кармоо өтө эле опуртал иш.

- Эркинен ажыратылгандын ар бири коркунуч алып келээри турулуу иш. Себеп дегенде ал кылмыш жасаган. Өмүр бою кесилгендердики андан бетер, бул коркунучтуу категория. Өлүм жазасынын өмүр бою түрмөгө кесүү менен алмаштырылгандар өзүнчө камак жайда кармалышы керек. Мен 10 жыл СИЗОнун жетекчиси болуп иштегем. Ал жерде өлүм жазасына кесилгендер да отурчу. Аларды мага алып келиш үчүн өзүнчө күзөтчүлөр жалаң офицерлерден гана түзүлгөн атайын адамдар бөлүнчү.

Сергей Зубовдун маалымдашынча, өлүм жазасына буйрулган адамдар жашоо күнүн аз да болсо узартыштын ар кыл айла-амалдарын жасаштан тартынбайт. “Алардын башкалар менен бир колонияда кармалышы абдан опуртал”, дейт Сергей Зубов.

Жаза өтөө жайларында кыйноолорду болтурбоо амалында Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун алдында коомдук кеңеш түзүлгөн. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтуусунда:

- Ошо кыйноо боюнча жумушчу топ түзгөнбүз. Ал боюнча тиешелүү фактылар келип жатат. Бир жумада бирден-экиден факты келип институтка түшүп жатат. Ошол боюнча карап укук коргоо органдарына, сот органдарына тапшырып жатабыз. Ошол үчүн кыйноо жок деп айтууга болбойт. Кыйноо бар. Проблема бар. Бирок бир жакшы жери ал массалык мүнөз алып кете элек.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова эркинен ажыратылгандардын укугун коргоо коом үчүн өзгөчө мааниге ээ маселе деген пикирде.

- Бизди өлүмгө буйрулган, баарына кайыл болгон жанкечтилер бар деп коркутушат. Туура, алардын арасында коркунyчтуу адамдар бар. Ал үчүн өзүнчө механизм болушу керек. Бирок да бүгүнкү болуп аткан иштерге келсек, кылмышкерлердин ордуна күнөөсүз кишилердин камалып кеткен учурлары деле бар. Криминалдык дүйнөнүн төбөлдөрү биздин укук коргоо кызматкерлерибиз менен кошулуп кеткени бар. Бул жашырын сыр эмес. Бул болуп жаткан иш.

Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын өкүлү Ирина Летова 14-15-августта Жаза өтөө башкармалыгынын эки кызматкери, эркинен ажыратылган эки адамдын набыт болушун иликтөө үчүн парламенттеги үч фракциянын өкүлдөрүнөн куралган депутaттык комиссия түзүлгөнүн кабарлады.

- Ушул эле кырсыктуу окуяны иликтөө үчүн президент жарлыгы менен түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Жакынкы эки-үч күн ичинде биз ал комиссиянын бүтүмүн алып калышыбыз ыктымал. Ал бүтүмдү да сөзсүз эске алабыз.

Кыргызстандын Адилет министри Марат Кайыпов өлүм жазасына тыюу салынгандан бери өзгөчө курчуп кеткен оор маселени чечиш амалында өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн камак жай салынып жатканын билдирди.

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен бизге 17 миллион сом бөлүнүп берилген. Биз ал акчаны сарптап, толук иштеттик. Азыркы учyрда Жаңы-Жердеги 19-түзөтүү мекемесинин өндүрүш сектору жагынан өмүр бою жаза өтөй тургандар үчүн түрмөнүн корпусун кура баштадык. Эмдиги жылга да 30 миллион сом каралып жатат. Эгер ошону бөлүп берсе биз аны тез арада бүтүргөнгө аракет кылабыз.

Кыргызстанда өлүм жазасын алмаштырып өмүр бою түрмөгө кесилгендердин жалпы саны 200дөй адам. Өткөн жылы Кыргызстанда Кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруунун натыйжасында өлүм жазасына биротоло тыюу салынып, ал өмүр бою түрмөгө кесилүүгө алмаштырылган.

XS
SM
MD
LG