Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

18:10 Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында тополоң чыгаргандар кармалышты


Ушул тапта сегиз адам райондогу убактылуу кармоо жайларында отурушат. Аларга бейбаштык кылган деген берене боюнча кылмыш иш козголуп, сурак жүрүүдө. 6-сентябрга караган түнү Кочкор-Ата шаарынын айланасында ар бири отуз жигиттен болгон эки жаат бири-бири болуп мушташкан.Ошол убакта белгисиз автоунаадан ок чыгарылып, натыйжада ок бир жигиттин желкесине тийген. Ал ооруканага жеткирилген. Мушташкандардын көбү түрмөдөн чыккандар экендиги облустук ички иштер башкармасынан алынды. Шаар тургундары бул жаңжал улут аралык чырга айланып кетишинен чочулашып, аймак криминал дүйнөсүнө тартылып баратканын жана тармактык кызматтардын жетишсиз аракеттерин белгилешүүдө. Мунайчылардын калаасына үстөмдүк кылуу максатын көздөгөн жаштардын өз ара жаңжалы август айында да болгон. (YA)

XS
SM
MD
LG