Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

18:35 Нарында Журналисттердин Эл аралык тилектештик күнүн белгилөөгө облустук бийликтин өкүлдөрү катышкан жок


Журналисттердин Эл аралык тилектештик күнүн 50 жылдыгын белгилөөгө карата «Сөз эркиндигине учурдагы көз караш» аттуу жыйын «Нарын.kg» маалымат борборундо болуп өттү. Жыйындын катышуучулары өткөн жылдын октябрь айында атылган журналист Алишер Саиповду бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти. Кийинки жылдарда жалпы маалымат каражаттарына жана журналисттерге бийлик тарабынан кысым көрсөтүүлөр арбып бара жаткандыгы белгиленди. Бирок мындай пикирге Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаева макул эмес. Анын пикиринде, оппозициялык журналисттер учурда элчилик кызматтарда жана УТРКда жетекчилик кызматта иштешүүдө. Ошол эле учурда айрым басылмалар менен журналисттер маалымат таратуунун адептүүлүгүн сакташпайт. Жыйындын ишине Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек борборунун өкүлү Бурул Усманалиева катышты. Нарын облустук акимчиликтен бир дагы өкүл катышышкан жок. (KUs)

XS
SM
MD
LG