Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:19

Орусия Венесуэла менен деңизде биргелешкен аскерий машыгуу өткөрүшү мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн Орусия тышкы иштер министрлигинин өкүлү Андрей Нестеренко билдирди. Машыгуу Кариб деңизинде өтөөрү белгиленген. Орусиянын төрт аскерий кемеси, анын ичинде атомдук "Улуу Петр" крейсери ал жакка ушул жылдын соңуна чейин барат. Орусия тышкы иштер министрлигинин өкүлү белгилегендей, пландалган машыгуу үчүнчү өлкөгө багытталган эмес жана "Кавказдагы кризис менен байланышы жок".

Анткен менен кабарчылар алдыдагы машыгуу Орусия менен Грузиянын ортосундагы аскерий жаңжаалдан соң АКШнын аскерий кемелери Грузияга гуманитардык жардам алып келгенине байланыштуу Вашингтон менен Москва ортосундагы тирешүүгө кошумча гана болушу мүмкүн.
Венесуэланын президенти Уго Чавес - АКШнын Латын Америкадагы эң белгилүү сынчысы.

XS
SM
MD
LG