Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Франция президенти Н.Саркози Грузия боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Москвага келди


Ал орус президенти Дмитрий Медведевди Грузия менен ок атышууну токтотуу боюнча боюнча бир айча мурда Франциянын ортомчулугу астында жетишилген келишимди толук аткарууну, болбосо Еврошаркет менен Орусиянын алакасынын бузулуу тобокелчилиги бар экенин эскертери күтүлүүдө. Франция -Еврошаркеттин учурдагы төрагасы.
Батыш Орусияны бир айча мурда макулдашылган планды толук орундабаганы, анын ичинде аскерлерин жаңжаал башталганга чейинки турумдарына алып кетпегени үчүн айыптоодо. Батыш өлкөлөрү ага катар Орусия Грузиянын жикчил чөлкөмдөрү Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныганына каршы чыгышкан болчу.
Еврошаркет Орусия менен мындан аркы мамиле Москвадагы бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн тыянаганына жараша болорун билдирүүдө. Француз президенти менен кошо Москвага Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Барросо, шаркеттин тышкы саясатты тейлеген жогорку өкүлү Хавьер Солана келди. Москвадан соң алар Грузияга барышат.
Бул аралыкта Грузия бүгүн Орусияны Поти портуна жакын жердеги көзөмөл бекеттерине кошумча күчтөр менен чыңдап жатканы үчүн айыптады.

XS
SM
MD
LG