Грузин өкмөтүнүн билдирүүсүндө “Орусия Грузиянын Поти шаарынан жоокерлерин чыгаруунун ордуна, көзөмөл бекеттеринде өз күчтөрүн бекемдөөдө” деп айтылат. Билдирүүгө ылайык, Потидеги бекеттердин бирине жекшемби күнүн кошумча орусиялык 50 жоокер жиберилген. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму бул маалыматты азырынча тастыктай элек.