Фракциянын жетекчисинин орун басары Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө караганда, фракциянын депутаттары премьер-министр Игорь Чудинов менен жолугушууда азык-түлүк, энергетикалык проблемаларга негизги көңүлдү бурат. Ошондой эле Бишкектин төмөн жагында жер алгандардын маселеси да көтөрүлөт. Ушундай эле жолугушууларды өкмөт башчы коммунисттер жана Ак жол фракцияларынын депутаттары менен да өткөрмөкчү.(AiT)