Министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун бүгүн “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгынын кызматкерлери Боинг-737 учагынын жүргүнчүсү болгон Нурзат Сакимбаева жана Гүлнур Абдумамбет кызын издөөгө киришти. Милиционерлер эки кыз аба кырсыгында аман калып, белгисиз жакка жок болду деген маалыматты такташууда. Бирок ушул кезге чейин ал кыздарды көрдүк деген адамдар чыга элек. Бирок ар кандай имиш сөздөрдөн улам кыздардын жакындары милицияга келип, кыздардын сүрөттөрүн берип, издөө салууну өтүнгөн.
Ал эми 24-августа аба кырсыгында каза болгондордун кимдигин аныктоо боюнча генетикалык изилдөөлөр аягына чыга элек.(AiT)
Ал эми 24-августа аба кырсыгында каза болгондордун кимдигин аныктоо боюнча генетикалык изилдөөлөр аягына чыга элек.(AiT)