Облустук бийликтин астындагы нааразычылык акциясынын катышуучусу Равшанбек Бакировдун айтымында, Зулпуев айыл өкмөтүнүнө караштуу Калдай кыштагында 1200 чакты калк жашайт. Үч жылдан бери суу жоктугуна байланыштуу жергиликтүү тургундар түшүмдөн куржалак калып, оор турмушту баштан кечирүүдө. Ошол себептүү алар айыл өкмөт башчысы Жунус Мамазияевдин отставкасын талап кылып, жаңы жетекчи дайындап берүүсүн өтүнүп губернатор Аалы Карашевдин жообун күтүшүүдө.
Губернатордун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев Мамазияевне карата кылмыш иши козголгондугун эске салып, калдайлыктар эмне үчүн суусуз калгандыгы туурасында маселе прокуратура тарабынан териштирилип жаткандыгын «Азаттыкка» кабарлады. ATo)