Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

17:20 Коомдук парламенттин Жалал-Абаддагы өкүлдөрү жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго ынанбайт


“Октябрдагы шайлоо «Ак жол» партиясынын пайдасы жана мыйзам бузуулар менен коштолот. Бийлик партиясы жергиликтүү кеңештерден көп орун алып, кийин өтчү президенттик шайлоого камданууда. Шайлоо комиссияларына анын өкүлдөрү көп өттү жана мекеме-уюмдардын кызматчылары басымдуу. Алар казынадан каржыланган соң «Ак жолдун» чийими менен жүрөт. Аталган партия өз мүчөлөрүн шайлоого көп катышууга үгүттөгөн, анысы өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерден байкалууда”, – деген бааны Коомдук парламент менен «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү беришти. «Ак жол» партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемиров талапкерлерди бийлик кубаттабай, эл колдоп жаткандыгын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG