Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

17:45 Ысык-Көлдө атуулдук форум билдирүү жарыялады


“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун Ысык-Көлдөгү бөлүмү Чолпон-Ата шаарында атуулдук форум өткөрдү. Талкууга Барскоон жана Нарын облусунун өкмөттүк эмес уюмдары, Ысык-Көл райондук депутаттары, мекемелердин юристтери катышып, адам укугун басмырлоо күч алганын белгилешти. “Карек” бейөкмөт уюмунун башчысы Эркингүл Иманкожаева митинг өткөрүү боюнча жазылган мыйзам долбооруна элдин пикири эске алынбагына нааразылынса, Чолпон-Ата шаарынын депутаты Неля Бараканова айыл жериндегилерге медициналык, социалдык жардамдар ачыкталбай атканын билдирди. Нарындын “Нуржолбер” коомдук уюмунун юристи Нурлан Тобокелов адам укугун коргоо боюнча аймактардын бирдиктүү уюмун түзүүнү сунуштады. Атуулдук форумдун аягында Барскоон кырсыгынан жабыркагандардын материалдык жана моралдык чыгымын толук төлөтүү, митинг өткөрүү чеги боюнча мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу жана жарандардын социалдык абалын жакшыртуу талаптары жазылган кайрылуунун долбоору иштелип чыкты. Ал бир жумадан кийин элдин кол чогултуусу менен өкмөткө жана парламентке жолдоно турганын “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун көлдөгү жетекчиси Жылдыз Осмонканова ырастады. (RB)

XS
SM
MD
LG