Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Пакистандын жаңы президенти Асиф Али Зардари ант берди


Исламабаддагы президенттик сарайда өткөн салтанатка жогорку бийлик өкүлдөрү, саясатчылар, чет өлкөлүк даражалуу коноктор катышты.
Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы, маркум Беназир Бхуттонун күйөөсү Зардари өлкөнүн ири партиясын жетектейт.
Жогорку кызматка аны өткөн ишембиде парламенттин депутаттары жана чөлкөмдүк төрт ассамблеянын өкүлдөрү шайлашкан.
Зардари өткөн айда президенттиктен кеткен Первез Мушаррафты алмаштырмакчы.
Бүгүнкү салтанатка ооган президенти Хамид Карзайдын катышканы өзгөчө белгиленүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG