Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:02

7:38 Эрнст Исаевдин өмүрүнө коркунуч туулууда


Бул тууралуу жазаны аткаруу мекемелер башкармалыгынын жетекчиси Эрнст Исаев өзү малымат жыйынында билдирип, ар кандай уюшкан топтордун атынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле 16-колониядагы чатакка байланыштуу өзүнө карата айтылган айыптоолорду четке кагып, абактын эки кызматкеринин жана камактагы эки адамдын өлүмү үчүн моралды күнөөсүн моюнга алаарын, бирок кызматтык милдетин так аткарып келгенин кошумчалады. Эрнст Исаев мындан сырткары 14-колонияда чыккан баш аламындыкты 16-колониядагы чыр-чатактын уландысы катары баалады. Мурда күнү түндө жашы жете электердин 14-колониясында чатак чыгып, абактагылар чатырга чыгып кетишип, ылдый түшүүдөн баш тартышкан. Бул абал кечээ эртен менен жөнгө салынып, кырдаал көзөмөлгө алынганы кабарланууда.(SM)

XS
SM
MD
LG