Бул тууралуу Ооган президенти Хамид Карзай маалымат жыйынында билдирип, террорчулук менен күрөшүү эки өлкө үчүн маанилүү маселе экенин белгиледи. Хамид Карзай мындай билдирүүнү Пакистандын жаңы президенти Зардаринин ант берүү аземинен кийин жасады. Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф бийликте турган учурда расмий Исламабад менен Кабулдун дипломатиялык мамилелери салкын болуп келген. Ооган өкмөтү Пакистандын чалгын кызматтарын талип жоочуларын колдойт деп айыптаса, расмий Исламабад мындай айыптоолорду четке кагып келет.