ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

10:30 Өкмөт башчы “Ак Жол” фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушууда

Жолугушуу парламенттин жыйындар залында өтүп жатат. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай анда энергетикалык кризис, азык-түлүк коопсуздугу жана кышка даярдык тууралуу маселелер каралууда. Премьер-министр Игорь Чудинов кечээ Социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушуп, ушул эле маселелер тууралуу кеп кылган. Бирок парламенттеги социал-демократтар анын берген жоопторуна канааттанбагандыктарын билдиришкен. Ошондой эле өкмөт башчы бүгүн түштө Коммунисттер фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушмакчы.(ZKo)
​
XS
SM
MD
LG