Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

14:15 Өкмөт башчы быйыл кышта газ кымбаттай тургандыгын кабарлады


Бул тууралуу премьер-министр Игор Чудинов бүгүн парламентте “Ак Жол” фракциясынын мүчөлөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтуусунда көгүлтүр от боюнча келерки жылга келишим түзүлө элек, бирок баа көтөрүлүшү –турган иш. Быйыл кышта газдын баасы миң кубометрине 300 доллардын айланасында болушу ыктымал, биз ушуга багыт алышыбыз керек, деди Игорь Чудинов.
Ал ошондой эле Бишкек ТЭЦинин кышка даярдыгы тууралуу маалымат берип, керектүү болгон 650 миң тонна көмүр ТЭЦке апкелинип жаткандыгын билдирди.
2008-жылы Кыргызстан көгүлтүр оттун 1000 кубометри үчүн Өзбекстанга 145 доллардан төлөп келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG