Губернатордун жана шаардык мэриянын токтомунун негизинде аталган такси айдоочулар Талас шаарынын күн батыш жагындагы автобекеттен жүргүнчүлөрдү ташып келишүүдө. Жүргүнчүлөр ал жака келбей жатат, мурдагыдай эле тартип сакталбай, айрым айдоочулар Талас шаарынын борборундагы базарлардан жүргүнчүлөрдү алып кетип жатышат. Ошондуктан базардын бир бурчунан же касса ачып бергиле, же болбосо үч автоунаа турганга жер бергиле деп айдоочулар бүгүн Талас шаардык мэриянын жыйындар залында жолугушуп бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты. Талас шаарынын мэри Эркин Турсункулов, МАИ башкармалыгынын башчысы Эмил Абдиев бул маселе тууралуу так жооп бере алышпай, карап көрөлү деп гана коюшту. (UA)
17:50 Талас-Бишкек каттамындагы автоунаа айдоочулары жергиликтүү бийликке нааразылык менен кайрылышты