Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

18:20 “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова башкалаадан чыгып кетүүгө аргасыз болду


Сот чечимин аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонуна байланыштуу “Де-фактонун” жетекчилери катары өзүн жана жолдошун Бишкек ШИИБнын кызматкерлери издеп жаткандыгын басылманын башкы редактору Чолпон Орозобекова “Азаттыкка” кабарлады. Буга байланыштуу алар баш калаадан чыгып, башка жактарда жашоого аргасыз болуп жатышкандыгын, соңку бир ай ичинде гезитти сактап калуу эмес, үй-бүлөсүнүн коопсуздугу менен гана алек болуп калышкандыгын маалымдаган Чолпон Орозобекова эркин журналисттерге каршы мындай репрессиялык мамиле Эркин Кыргызстандын тарыхында болгон эмес, буга келечекте тарых баасын берет, деп белгиледи.
Ал эми Бишкек шаардык ИИБнын тергөөчүсү Туратбек Байчаев Чолпон Орозобековага карата сот чечимин аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголо элек, деген маалыматты “Азаттыкка” билдирди. Кылмыш иши козголбогон соң, издөө салынбайт, дейт Туратбек Байчаев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG