Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

ТҮРМӨЛӨРДӨ АБАЛ ООР, МИНИСТР МЕНЕН АБАКТАР БАШЧЫСЫ КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ


Соңку кездери укук коргоочулар Кыргызстандын түрмөлөрүнө жана убактылуу кармоочу жайларына түшкөндөрдүн укуктары тебеленип-тепселип келатканы тууралуу көп айтышууда. Жакында эле номур он алтынчы колонияда жана өспүрүмдөр кармалган он төртүнчү абакта нааразычылыктардын чыгышы да жөн жеринен эместигин, алардын мындай кадамдарга барууга мажбур экендигин бейөкмөт тараптар билдирген. Ал эми эркинен ажыратылгандар кармалган жайлардын жетекчилери абактардагы абал акырындап оңолуу жолунда экендигин айтып келишет.

Кыргызстандагы башка тармактар сыяктуу эле Адилет министрлигин, анын алдындагы Жаза өтөө башкы башкармалыгын реформалоо керектиги тууралуу соңку кездери айрыкча укук коргоочулар көп айтышууда.

Анын негизги себептеринин бири жазасын өтөп жаткандарга болгон ырайымсыз мамиле, аларды ур-токмокко алуу жана алардын жашоо-шарттарынын абдан начарлыгы экендигин айтышат. “Милицияга түшкөндөн баштап эле токмок башталат” деген ой кыргызстандыктар үчүн кадыресе көрүнүш болуп калганын айткан укук коргоочулар, мунун акыры жалпы мамлекет үчүн эле мүшкүл иш болорун эскертишет.

Бул жаатта кыйладан бери иш алып барып келаткан “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, кала берсе өспүрүмдөр колониясында да жаш балдар кордуктарга чыдабай нааразычылык иш-чараларын уюштура башташты:

- Мен жанагы “түрмөдөгү бунт, баш көтөрүү” деген аныктамага башкача көз караштамын. Себеби, түрмөдө отурганда убактылуу гана эркинен ажыратылгандар болуп саналат. Аларды укуктарынан эч ким ажыраткан эмес аларды. Мына биз түрмөлөрдү кыдырып жүрөбүз. Өспүрүмдөр жаткан коллонияны кыдырганыбызда алардын абалы оор экенин көрүп жүрөгүбүз ооруйт. Бардыгыбызда эле бала бар, ошол жерде 14-16-жаштардагы жап-жаш балдар отурушат.

Эми канча күнөө кылган убакта деле алар өз жазасын алып атышат да ошол жерде. Анан жазанын үстүнө эки эсе жаза болбойт да. Ошол балдар кенедей камерада 6-7 кишиден жатышат. Төшөнчүлөрү абдан кир, денелерин жара баскан. Тамак-ашын бир кудай билет. Айда-жылда бир көргөн биз жаман болобуз. Ошол абалда жашаган балдар кайра эле коомубузга келип кошулушат да. Албетте, жанагыдай абалга нааразы болушса эле “бунт”, “баш көтөрүү” деген туура эмес.

Биздин өзүбүздүн үнүбүздү жеткирүү кандай кыйын болуп атат ээ. Анан ошол камерада жаткан жаш балдардын үнүн ким угат? Алар ошол жерден кандай тарбия алып чыгышат? Эмнеси түзөтүү колониясы ал жердин? Түзөтмөк тургай таптакыр бузуп, бир жолу ууру—кески боло турган же ден-соолугунан айрылган, ата-энесинин мойнуна жүк боло турган майыптарды чыгарышат.


Байкоочулардын айтымында, негизи эле бул тармакта көп нерселер ачык эмес жана иликтеп чыгууну талап кылат. Сонку кездери Жаза өтөө башкармалыгынын жетекчилиги менен Адилет минстринин ортосунда да пикир келишпестиктер орун алып, бири-бирин эл алдында алдым-жуттумдук кылгандары сыяктуу айыптоолорго чейин барышкандыгын, байкоочулар тармактагы көйгөйлөрдүн бышып калгандыгын билдирип турат дешкен.

Өкмөттө болсо кайым айтышкандардын маселесин иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлүп, бүгүн ал комиссия президент Курманбек Бакиевге иликтөөнүн жыйынтыгын билдирди. Натыйжада, Адилет министри Марат Кайыпов жана Жаза өтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Исаев экөө тең ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Мындан мурда, мурдагы Адилет министри Марат Кайыпов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, тармактагы абал оңоло баштаганын билдирген эле:

- Биз депутаттар жана президент менен сүйлөшүп, ушул тармактагы абалдын абдан оор экендигин түшүндүрүп, эң оболу кызматкерлердин айлык-акыларын жогорулаттык. Экинчиден, жаткандардын тамагына келе турган болосок, мен 2005-жылы министр болуп келгенде ар бир кишиге 17 сомдон эсептелген экен. Бирок, чын-чынына келгенде 12 сомдон гана тийчү экен. Бирок ошону да жеп алышчу. Анткени, система ошондой болгон, түрмө жетекчилиги алып коюшчу. Эми азыр биз тамак-ашты 35 сомго чыгардык. Мындайча айтканда тамак боюнча бизде соттолгондор 2005-жылдан ушуга чейин бир дагы нааразычылык билдиришкен жок. Буюурса 2 жыл ичинде эч ким жолтоо болбой турса түрмөнүн ичинде кургак учук деген оору жок болот. Убада бере алам.

Ошондой эле Марат Кайыпов түрмөдө отургандар иш менен камсыз болушаарын, жакын арада түрмөлөрдө кыш заводдору курулаарын убада кылган эле. Бирок тармактын көйгөйлөрү менен эми кайрадан башка бир жетекчи алектенмекчи болууда.

XS
SM
MD
LG