Бул расмий сапардын алкагында Сергей Миронов президент Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Миронов ошондой эле “Ата Бейитте” болуп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коет. Мындан сырткары Сергей Миронов кыргыз-орус славян университетинде, Орусиянын Канттагы авиабазасында болоору кабарланууда.(SM)