“Ачык саясат” гезитинин жамааты жана Жээнбековдун жакындары тарабынан уюштурулуп жаткан бул нааразылык чарасына бир катар коомдук-саясий ишмерлер, укук коргоочулар да катышмакчы. Анда Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ачык саясат” гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Ырыскелди Момбеков билдирди. Анын айтымында, мындан кийинки аракеттер бүгүнкү сот чечимине жараша болмокчу. Бир катар саяссатчылар жана коомдук уюмдар Бабырбек Жээнбековдун камалышын саясий кысым катары баалашууда.(SM)