Ноябрдын башында президенттик шайлоодо ат салыша турган негизги талапкерлер Республикачылдар партиясынын мүчөсү, Аризона штатынын сенатору Жон Маккейн жана оппозициядагы Демократиялык партиянын мүчөсү, Иллинойс штатынын сенатору Барак Обама бүгүн Нью-Йорк шаарында өткөрүлчү эскерүү жөрөлгөсүнө катышмакчы. Өткөн жылдарга салыштырмалуу АКШда быйыл 11-сентябрдагы каргашалуу террордук чабуулдун жылдыгын белгилөөдө атайын чоң программа болбойт. Президент Жорж Буш Ак Үйдө бир мүнөттүк тынч эскерүүдөн кийин, Пентагондо жети жыл илгери каза болгондорго эстелик орнотуу аземине катышат. 7 жыл мурда болгон террорчулуктан үч миңге жакын адам курман болгон.