“Азия-кызматташуу жана тынчтык аймагы” деген аталыштагы спорт оюндары бешинчи сентябрда башталган. Мелдеш спорттун он беш түрү боюнча жүрүүдө. Иш-чарага Орусия, Тажикстан, Өзбекстан өңдүү жети мамлекеттен спорттук чеберлер, мамлекеттик ишмерлер, машыктыруучулар чогулган. Бүгүн кечинде аталган мелдештин жабылуу аземи болуп, жеңүүчү командалар аныкталат.(AiJu)