Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:06

12:45 Мектептерге үч миң алты жүздөн ашык мугалим жетишпейт


Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, быйылкы окуу жылында 2111 жалпы билим берүү мекемелери иш алып барат. Беш жүз элүүгө чукул мектепке чейинки билим берүү жайларында элүү беш миңге жакын бөбөктөр тарбияланышат. Ал эми өлкө боюнча биринчи класска быйыл 96 397 окуучу барды. Республика боюнча отуздан ашык мектеп курулган. Мындан тышкары мектептерди күз-кыш айларына даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп, аларды көмүр менен жылытууга өткөрүү боюнча атайын программа иштелип чыккан. Бирок проблемалар да жок эмес. Мисалы мектептерге ушул тапта үч миң алты жүздөн ашык мугалим жетишпейт. Сексендей мектептин курулушу аягына чыкпай турат. Өзгөчө аймактардагы мектептердин бир тобуна окуу куралдары, китептер жетишсиз. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.(AiJu)

XS
SM
MD
LG