Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

ОППОЗИЦИЯДАН ООМАТ КЕТТИБИ?


“Асман” гезити бийлик тарабынан жабылып калган “Алиби” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков абактан эки күндөн кийин бошотуларын, ошол эле учурда бийлик тарабынан жабылган дагы бир “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова жашырынып жүргөнүн кабарлап, белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун оюнча бүгүнкү күндө бийликке таасир эте турган оппозиция жоктугун, себеби оппозиция да чарчап бүткөнүн, ал эми А. Атамбаев башында турган Социал демократтар партиясы менен “Акыйкат үчүн” кыймылынын биригүүсү балким бийлик менен соодалашуу үчүн гана биригип жатабы же жокпу деген ойго түртөрүн, анткени Атамбаевдин партиясы башынан эле бийлик менен кызматташып келген партия экендигин айткан интервьюсун жарыялады.

Гезит ошондой эле бийлик тарабынан үй бүлөсүнө жана өзүнө кысым көрсөтүлүп жатыптыр, ошон үчүн Аликбек Жекшенкулов Америкага оогону калды окшойт деп, ИИМ министринин мурдагы 1-орунбасары Мелис Турганбаев аны жаманаттылап чыккан “Трибуна” жана “Энесай” гезиттерин сотко бергенин ырасмий билдирди, ал эми анын үстүнөн прокуратурага арыз жазган кыздын бирөөсү качып кетиптир деп маалымдады.

Ушул эле гезитке интервью берген “Жаңы Кыргызстан” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Өмүртөрө Жангабылов, жергиликтүү жана шаар кеңешинин депутаттык мандат талашуу жарышына партиядан 2400 талапкерин чыкканын, шайлоо катуу болорун, оппозициянын аты болгон менен биримдиги жогун, Атамбаевге окшоп бийликке да, оппозицияга да аттай качма оюндардын кереги жоктугун, айрым маалымат булактары Адахан Мадумаров менен Данияр Үсөнов экөө биригип, бир күч түзөт экен деп маалымат таратышканына токтолгон Өмүртөрө Жангабылов, эгер бул эки инсан бириксе жакшы бир кыймыл же күч болушу мүмкүндүгүн, президенттин “тезек тергиле” деген сөзү эл арасына абдан жайылып кеткенин, журт башында турган адам мындай сөздү айтуунун ордуна кайра өкмөттү иштетип, кыштан элди аман-эсен чыгалы десе болмоктугун, президенттин ушинтип сүйлөгөнү кайра элдин өзүнө сокку болорун, азыр канчалык жаап-жашырган менен социалдык абал оорлогондон оорлоп баратканын, башкасын коюп көмүрдү эле алганда пенсиясы 2 миң сом пенсионер 4миң сомдук көмүрдү сатып алалбай калганын, өкмөт, анын монополияга карыш комитети иштебей жатканын, Кытай 1 млрд. элин былкылдатпай багып атса, Кыргызстан жери, суусу, электр энергиясы туруп 5 млн. элин багып алалбай жатканын, командасы иштебесе, жалгыз президенттин колунан эчнерсе келбестигин кеп кылды.

“Общественный рейтинг” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Зайнидин Курманов эл аралап келгенден кийин жер-жерлерде оппозициялык маанай күч ала баштаганын билдиргенин, Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудиновдун айтуусу боюнча Кыргызстан электр энегрияны эми Казакстандан сатып алганы калганын, анын баасы Кыргызстан Казакстанга сатып келаткан электр энергиясынын баасынан кымбат болорун, казактар октябрда Жамбыл Гидроэлектрстанциясын ишке киргизгени жатканын маалымдады.

Ушул эле гезит Кыргызстандын суу энергетика маселеси жөнүндө сөз кылып, Токтогул суу сактагычындагы сууну бийликтегилер өзүлөрүнүн чөнтөк кызыкчылыгы үчүн сатып жибериптир деген айың кептин изи сууй электигин, бирок кандай болгон күндө да азабын баягы эле эл тартаарын эстетип алып, Кыргыз улуттук илимдер Академиясынын суу жана гидроэнергетикалык ресурстар Институтунун деректири Дүйшөн Маматкановдун изилдөөлөрүн мисалга тарткан.

Окумуштуунун оюу боюнча Кыргызстандан Кытайга агып өткөн Ысык-Көлдүн Сары-Жаз суусу Кыргызстанды электрэнергия менен түбөлүк камсыз кылууга кудурети жетет. Сары-Жазды илимий иликтөөгө алган кыргыз окумуштуусу ушул боюнча Кытайда болуп, аны биргелешип пайдалануу боюнча ойлорун ортого салганда кытай тарап да кызыгып, эгер ошондой болсо болжол менен 5 млрд. АКШ долларын бөлүүгө даяр экенндиктерин айтышканын, ошентип кубаттуу электр энергиясын ала турган Сары-Жаз дайрасы бүгүн бекерден бекер Кытайга агып кетип жатканын баяндады. Кокус бул долбоор ишке ашырылса Кыргызстан эч кандай чыгым жумшабастан эле Сары-Жаз ГЭсинин энергиясынын 50 пайызын бекер алып турмак. Азыр сууну бөгөй турган дамба куруу маселенин эң оору экендигин, анткени 1 эле дамба куруу үучүн 1 млрд. доллар сарпталарын, кытайлардын жогоруда 5 млрд. доллар жумшайт элек деп айтканы ошондон улам болуп аткандыгын, себеп дегенде Сары-Жаз суусуна 5 дамба курулушу керектигин, ГЭС курулуп калса анын пайдасын кытай менен кыргыз мамлекттери бирдей көрөрүн айтат кыргыз окумуштуусу.

Кыскасы деп баяндаган гезит, кытай менен кыргыз тараптардын ортосунда толук келишим түзүлгөнгө чейин күтө туруу зарыл, анын үстүнө кытай тарапты чочутуп алып, колдон чыгарып жибербөө керек, эгер керек болсо Кытай Сары-Жаз ГЭСинин курулушун жалаң өз жумушчулары менен камсыз кылып койгонго шаасы жетет, ошол эле убакта кыргыздын алдуу-күчтүү жигиттери өз Мекенинен иш таппай көрүнгөн өлкөлөргө кетип жатпайбы, муну да ойлонуу керек, эл-жерди чет элдиктердин агымына сала берип кийин кимдир бирөөлөрдүн колониясына айланып калбайбызбы, аны да ойлонуу керек деп жазды “Жоголуп бараткан көл Кыргызстандын энергетикасын сактап калабы?” деген макаласында.
XS
SM
MD
LG