Бул тууралуу аталган базанын маалымат кызматы “Азаттыкка” кабарлады. Маалымдалгандай, бүгүн кечинде өтчү жөрөлгөгө эки жүз аскер кызматкери, кыргыз өкмөтүнүн, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Мындан тышкары Орусия, Жапония, Беларусь, Өзбекстан өңдүү тогуз мамлекеттин өкүлчүлүгүнөн чакырылган коноктор келишет. Иш-чарада 11-сентябрда Нью-Йорк шаарында болгон террорчулуктун гана курмандыктарын эмес, жалпы эле терроризм менен күрөшүүдө дүйнө салгандарды эскерүү болот. 2001-жылдан тарта терорризм менен күрөш учурунда АКШ жана башка мамлекеттерден 5400 жоокер каза болгон. (AiJu)